"Алма Финанс Банк" ЖАКында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан кардарлардын кайрылууларын кароонун бекитилген ички жол-жобосу иштейт.
1. Жалпы жоболор
Кардардын оозеки же жазуу түрүндөгү арызы, даттануусу, сунушу же суроосу кайрылуу болуп эсептелет, анда төмөнкү маалыматтар камтылат:
- анын укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын бузулушу мүмкүн экендиги жөнүндө;
- банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жөнүндө;
- келишимдик мамилелердин шарттарын өзгөртүү жөнүндө;
- Банк кызматкерлеринин аракеттери (аракетсиздиги) жөнүндө.
2. Кайрылууну берүү жолдору
Кайрылууну төмөнкү жолдор менен берсе болот:
- Банкка жеке кайрылганда;
- телефон байланышы аркылуу;
- Банктын расмий сайты аркылуу;
- • электрондук почта аркылуу:
Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра. ; - Банктын мобилдик тиркемеси аркылуу;
- даттануулар жана сунуштар китеби аркылуу;
- почта аркылуу жөнөтүү.
3. Каттоо жана кароо тартиби
3.1. Бардык кардарлардын кайрылуулары каттоого милдеттүү түрдө алынып, каттоо номери жана келип түшкөн күнү берилет.
3.2. Кайрылууларды кароо Банктын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмү тарабынан коюлган маселелердин маңызы боюнча жүзөгө ашырылат.
3.3. Кайрылууларды кароо акысыз негизде жүзөгө ашырылат.
3.4. Банк төмөнкү принциптердин сакталышын камсыз кылат:
- мыйзамдуулук;
- обьективдүүлүк;
- толук кароо;
- маалыматтын купуялуулугу.
3.5. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, кайрылууну кабыл алуудан баш тартууга жол берилбейт.
Кайрылууга карата талаптар
4.1. Кайрылуу төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
- фамилиясы, аты-жөнү (бар болсо);
- байланыш маалыматтары (дареги, телефону, электрондук почтасы);
- кайрылуунун маңызы.
4.2. Жазуу түрүндөгү кайрылууга арыз ээси кол коюуга тийиш (электрондук түрдө келип түшкөн кайрылуулардан тышкары).
4.3. Арыз ээси жөнүндө жана байланыш маалыматтары жөнүндө маалыматтарды камтыбаган кайрылуулар жашыруун деп табылып, кароосуз калтырылышы мүмкүн.
Кароо мөөнөттөрү
5.. Кайрылуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башка мөөнөттөр белгиленбесе, анын каттоодон өткөн күнүнөн тартып 30 календардык күндөн кечиктирбестен каралат.
5.2. Кошумча текшерүү жүргүзүү зарыл болгон учурда, кароо мөөнөтү узартылышы мүмкүн, бул жөнүндө арыз ээсине себептерин көрсөтүү менен милдеттүү түрдө билдирилет.
6. Кароонун өзгөчө учурлары.
6.1. Банктын компетенциясына кирбеген маселелерди камтыган кайрылуулар, ыйгарым укуктуу органдарга андан ары кайрылуу тартиби жөнүндө түшүндүрмө берүү менен каралат.
6.2. Мурдагы кайрылуулар боюнча толук жооп берилген шартта, жаңы жүйөөлөрдү же жагдайларды камтыбаган кайталап кайрылуулар кароосуз калтырылышы мүмкүн.
6.3. Уят сөздөрдү, кемсинтүүлөрдү, ошондой эле Банк кызматкерлеринин өмүрүнө, ден соолугуна жана мүлкүнө коркунуч келтирген кайрылуулар кароосуз калтырылышы мүмкүн.
7. Ыйгарым укуктуу органдарга кайрылуу укугу
Эгерде кайрылуунун жыйынтыктарына макул болбосоңуз, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына кайрылууга укуктуусуз.