Депозиттер
Депозит
Классикалык
Аманаттарыңыздын ишенимдүүлүгү жана туруктуулугу
Аманаттын валютасы

KGS, USD, RUB, CNY

Депозиттин максималдуу суммасы

Чектелген эмес

Депозиттин минималдуу суммасы

1000 KGS, 50 USD, 1000 RUB, 500 CNY

Пайыздарды төлөө

пайыздар мөөнөттүн аягында төлөнөт

Жарым-жартылай алуу

каралган эмес

Пайыздарды капиталдаштыруу

каралган эмес

Автоматтык пролонгациялоо

пролонгация учурунда колдонулган чен боюнча ушундай эле мөөнөткө каралган

Депозитти толуктоо

депозитти толуктоо мүмкүн, бирок депозиттин мөөнөтү аяктаганга 60 күн калганда токтотулат

Мөөнөтүнөн мурда токтотуу

депозит мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда сый акы талап боюнча төлөнүүчү депозиттин / алыш-бериш эсебинин чени боюнча эсептелет

Валютасы3 ай6 ай9 ай12 ай18 ай24 ай
Кыргыз сому 3,5% 3,5% 9,5% 12,5% 12,5% 12,5%
АКШ доллары   2% 2% 3,5% 3,5% 3,5%
Россия рубли   3,5% 5,5% 6,5% 6,5% 7%
Кытай юаны 0,4% 0,5% 0,6% 0,7% 0,8% 1%
Эффективдүү пайыздык чен

Көрсөтүлгөн пайыздык чендер жылдык болуп саналат. Депозитти жайгаштыруу шарттарына жараша сом түрүндөгү депозиттер боюнча эффективдүү пайыздык чен жылдык 3%дан 14%га чейин, АКШ доллары боюнча жылдык 1%дан 4,2%га чейин, Россия рубли боюнча жылдык 3,04%дан 5,6%га чейин түзөт. Депозитти толуктоо суммаларына жараша эффективдүү пайыздык чен жогорулашы мүмкүн.

Чендер жана жеке шарттар

Сый акы чендери банктык аманат келишиминин бүткүл мөөнөтү ичинде өзгөрүүсүз калат.

Кардар 20 000 (жыйырма миң) АКШ долларынан кем эмес суммадагы каражатты же анын башка жеткиликтүү валютадагы эквивалентин жайгаштырганда, Банк депозиттер боюнча жеке шарттарды белгилөө мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга укуктуу.

Депозиттерди коргоо системасы

«Алма Финанс Банк» ЖАК Кыргыз Республикасынын депозиттерди коргоо агенттигинин системасынын катышуучусу болуп саналат. Камсыздандыруу ишкердик менен алектенген жеке жана юридикалык жактардын аманаттарына жайылтылат.

Бардык мөөнөттүү депозиттер 1 000 000 сомго чейин камсыздандырылган

Депозиттерди коргоо системасы кепилдик учуру келип чыкканда, мыйзамда белгиленген кепилденген сумма чегинде компенсация берүү аркылуу ар бир аманатчыга анын банктык аманатын жана ага эсептелген пайыздарды кайтарып берүүнү кепилдейт. Чет өлкөлүк валютада жайгаштырылган депозиттер кепилдик учуру келип чыккан күнгө карата КР Улуттук банкынын эсептик курсу боюнча улуттук валютада төлөнөт.

Депозит боюнча кирешени эсептөө

Депозиттик калькулятор

Депозит
 
Валютаны тандаңыз
 
Салымдын суммасы:
Жайгаштыруу мөөнөтү (ай менен):

Биздин сунуш

Депозиттин суммасы
0
Жылдык пайыздык чен:
0,00%
Төлөмдөрдүн жалпы суммасы:
0
Төлөмдөр графиги
*Сый акы суммасы кошумча салымдарды эске албастан эсептелди

Депозит ачууга өтүнмө жөнөтүү

1
Өтүнмө
Биздин адистер өтүнмөнү карап чыгышат
2
Документтер
Керектүү документтерге кол коюңуз
3
Даяр
Топтоону баштасаңыз болот
Толук аты-жөнүңүздү көрсөтүңүз
Байланыш телефон номериңизди көрсөтүңүз
 
Бул талааны толтуруу милдеттүү
Депозиттин суммасын көрсөтүңүз
Депозиттин валютасы
 
Депозиттин валютасын тандаңыз
Макул эмессизби?

КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ

Бул форманы толтуруу жана жөнөтүү юридикалык жакка депозит ачуу мүмкүнчүлүгүн кароо үчүн алдын ала өтүнмө болуп саналат жана Банктын депозит ачуу боюнча милдеттенмеси болуп эсептелбейт.

Өтүнмө каралгандан кийин Банктын өкүлдөрү маалыматты тактоо, керектүү документтерди суроо жана жолугушууну уюштуруу үчүн сиз менен байланыша алышат. Депозит ачуу боюнча акыркы чечим белгиленген кароо жол-жоболору жүргүзүлгөндөн, берилген документтер талдангандан жана кардардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен жеке жолугушуудан кийин Банк тарабынан кабыл алынат.

reCAPTCHA талаасындагы белгини коюңуз
Сиз reCAPTCHA текшерүүсүнөн өткөн жоксуз