Алма Финанс Банк жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө акча которууларды Банкта ачылган эсептер аркылуу жүзөгө ашыруунун ыңгайлуу мүмкүнчүлүгүн сунуштайт банкта ачылган эсептен жакын жана алыскы чет өлкөлөргө акча которууларды жүргүзүү үчүн ыңгайлуу мүмкүнчүлүктү сунуштайт.

AFB аркылуу которуу жөнөтүүнүн артыкчылыктары:

  • пайдалуу;
  • жөнөкөй жана ыңгайлуу;
  • жеке жана юридикалык жактар үчүн которуулар;
  • алуучу банктын реквизиттери болгон учурда которууларды жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө жөнөтүү мүмкүндүгү.

AFB аркылуу которууну кантип жөнөтүү керек?

Жеке жактар үчүн:

  • Алуучу банктын реквизиттерин Алуучудан билип алыңыз;
  • Чет өлкөлүк же улуттук валютада которуу үчүн арызды толтуруңуз;
  • Банк эсебиңизге накталай акча салыңыз жана которуу акысын төлөңүз;
  • Банктын кызматкерлери керектүү документтерди тариздөөгө жардам берет;
  • Которууну жөнөтүү үчүн паспортуңуз жаныңызда болушу керек.

Юридикалык жактар үчүн:

  • Алуучу банктын реквизиттерин жана которуу боюнча керектүү документтерди бериңиз;
  • Чет өлкөлүк же улуттук валютадагы төлөм тапшырмасын тариздеңиз;
  • Которууну жөнөтүү жана комиссияны төлөө үчүн эсептешүү эсебинде акча каражаты бар экендигин текшериңиз;
  • Которуулар Банк филиалдары жана AFB24 аралыктан банк кызматтары аркылуу жеткиликтүү.

Ортомчу банктын жана алуучунун банкынын комиссиясын Жөнөтүүчү төлөйт, башкача айтканда, Жөнөтүүчү которуу үчүн комиссиянын толук суммасын төлөйт.